
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда асыл тукум чарбасынын жана мал жандыктарынын көргөзмөсү өттү. Иш чарада 2024-жылы долбоор аркылуу алынган комбайндар коюлуп, аны менен бирге ушул жылдын октябрь айында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Базар-Коргон Суу чарба башкармалыгына бөлүнгөн техника көрсөтүлдү. Андан сырткары, лизингге алынган 13 даана атайын техника менен таанышууга да мүмкүнчүлүк түзулгөн. Иш чаранын соңунда айыл чарба товарларын өндурүүчүлөрдүн чакан көргөзмөсү уюштурулган.




