
Кыргыз Республикасынын мал чарбасында сандан сапатка өтүүнү өнүктүрүү максатында, Суу Ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Талас облустарына техник-уруктандыруучулар үчүн суюк азот жана уруктук материалдар жеткирилди. Белгилей кетсек, чарбада суюк азот жаныбарларды жасалма уруктандыруу үчүн колдонулган уруктарды эң төмөн температурада тирүү сактап туруу үчүн колдонулат.