
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык чарба департаменти тарабынан баалуу балык запастарын өстүрүү жана көбөйтүү максатында 2024-жылдын 11-майында Тоң балык өстүрүүчү заводунун инкубациялык цехинде карп-сазан балыгынын 1 млн. 500 миң даана уруктарын жасалма жол менен алуу иштери жүргүзүлүп, инкубациялоого жана андан ары чабактарын алуу үчүн инкубациялык аппараттарга салынды. Азыркы учурда балыктарды жасалма жол аркылуу өстүрүү иштери уланууда.