
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаменти Сиг-лудога балыгынын чабактарын өндүрүүчү энелик балыктарды кармоону баштады.
Бүгүнкү күнгө карата 2,5 миллион даана уруктанган икра даярдалды. Балык чарбасынын жылдык планы 5,5 миллион даана икраны түзөт.

