
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаарынын жана Ош аймактар аралык башкармалыгынын доо-арызын Ош шаардык соту канааттандырды. Ага ылайык, 16 миллион 335 миң сомго бааланган жерди мамлекетке кайтаруу чечими 2024-жылдын 22-ноябрында чыкты.
Тактап айтканда, жеке менчикке өтүп кеткен Курманжан-Датка көчөсүндөгү шаардык оорукананын аймагында жайгашкан мурдагы терапиялык бөлүмдүн имаратын жана алдындагы 726 чарчы метр жер тилкеси Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылды.

