
Бүгүн, 31-январда, Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан уюштурулган “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форуму ийгиликтүү жыйыкталып, дыйкан-чемпиондор министрликтин медалдары менен сыйланды.
Мал чарбачылыгы боюнча 16 алдыңкы дыйкандар-чемпиондор:
Ысык-Ата районунун фермери Михаил Зуев, Голштино-фриз породасындагы уйларды багат;
Монбельярд породасындагы уйлар менен алектенген Аламүдүн районунун фермери Мааданбеков Азамат;
Герефорд жана галловей эт багытындагы уйларды баккан Сокулук районунун фермери Норузбаев Женишбек;
Абердин-ангусс породасындагы асыл тукум уйлардан көп киреше тапкан Ак-Талаа районунун фермери Таалайбек уулу Ханзат;
Ак топоз баккан Тоң районунун фермери Акматов Баатырбек;
30 жылдан бери жаңы кыргыз породасындагы жылкы баккан Өзгөн районунун фермери Зейнеп Касымова;
Күлүк жылкыларды баккан Сокулук районунун фермери Сатиев Айбек;
Эт багытындагы тоок багуу менен алектенген Чүй облусунун фермери Жумашев Чынгыз;
Арашан породасындагы асыл тукум койлорду баккан Чүй облусунун фермери Доронов Жылдызбек;
Жүн багытындагы кыргыз тоо меринос койлорун баккан Сокулук районунун фермери Маршанкулов Халис;
Сүт багытындагы эчкилерди баккан Москва районунун фермер Үсөн Сариков;
Кыргыз тыбыт багытындагы эчки багып, кирешесин арттырган Араван районунун фермери Тойгонбаев Сабыр;
Жылына 15 тонна балык өндүрүп, балык чарбачылыгын мыкты өздөштүргөн Жайыл районунун фермери Шыгаев Чынгыз;
Ак балдын эки түрүн өндүргөн Нарын районунун фермери Токталиев Рахат;
7 жылдан бери жашыл тоют (гидропоника) менен алектенип, жетишкендиктерди багындырган Жалал-Абад облусунун фермери Мурзакулов Мирлан;
Жаңы технологиянын жардамы менен күнүнө 15 тонна силос даярдаган Жайыл районунун фермери Шанкаев Сүймөнкул.
Ал эми өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык боюнча 16 алдыңкы дыйкандар-чемпиондор:
Буудай өстүрүүдө алдыңкы көрсөткүчкө жетишкен Москва районунун дыйканы Алексей Анисимов;
Жүгөрү өстүрүүдө алдыңкы түшүм алган Сокулук районунун дыйканы Нияз Даврушев;
Өрүк өстүрүп ийгиликке жеткен Лейлек районунун дыйканы Кабыл Эргашев;
Чычырканак өстүрүп жогорку түшүм алган Жети-Өгүз району Таалай Окенов;
Кулпунай өстүрүү боюнча чемпион аталган Ысык-Көл районунун дыйканы Нурбек Отогонов;
Малина өстүрүп ийгилик жараткан Ысык-Көл районунун дыйканы Аблес Жаныбеков;
Ежемалина (тыт) эгип, жогорку деңгээлде түшүм алүүга жетишкен Аламүдүн районунун дыйканы Руслан Минбаев;
Карагат тигип ийгиликке жетишкен Ысык-Көл районунун дыйканы Чыныбек Жылкыбаев.
Күрүч өстүрүүдө боюнча чоң жетишкендикке жеткен Өзгөн районунан келген дыйкан Канатбек Маматов;
Арпа өстүрүүнүн алдыңкысы Ак-Суу районунун дыйканы Марс Канаев;
Картошкадан мол түшүм алган Тоң районунун дыйканы Азамат Касеев;
Кант кызылчасынан жогоку түшүм алган Чүй районунун дыйканы Жумабек Наматбеков;
Сабиз өстүрүүдөн жогорку түшүм алган Москва районунун дыйканы Талант Шамеев;
Калемпир өстүрүп жогорку түшүм алууга жетишкен Сокулук районунун дыйканы Байноб Пиров;
Алмадан мол түшүм алган Ысык-Көл районунун дыйканы Уланбек уулу Нурсултан;
Алча (Гилас) өстүрүп, алдыңкы дыйкан аталган Жети-Өгүз районунун дыйканы Жыргалбек Маджиков.
Белгилей кетсек, төрт күнгө созулган иш-чарага айыл чарба тармагынын лидерлери, мыкты фермерлер, ишкерлер жана адистер катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Форум ишкерликти өнүктүрүүгө, экспортко жол ачууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк берди.










