Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Аймактарда азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштеттүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, калкты арзан баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында өлкөнүн бир катар аймактарында (Бишкек, Нарын, Чоң- Алай ж.б ) азык-түлүк жарманкеси уюштурулууда. Анда жергиликтүү өндүрүүчүлөр жашылча-жемиш, эт, сүт азыктарынан тарта айыл чарба продукцияларынын түрүн элдин капчыгына күч келбегендей баада сатыкка коюшкан. Анын максаты – жергиликтүү тургундарды керектүү айыл чарба продукциялары менен арзан баада камсыз кылуу жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, аймактарда негизги азык-түлүк товарларына анын ичинде этке болгон бааны мындан ары туруктуу кармоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу болуп эсептелет. Эми бул багытта тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан азык-түлүккө болгон баалар тыкыр көзөмөлдөнөт.

 Белгилей кетсек, ушул тапта уй жана кой эти аймактарга жараша  550-650 сомдон, жылкы эти 600-620 сомдон сатылууда. Ал эми бираз бираз көтөрүлгөн картошканын баасы 60-65 сомдон 45-49 сомго чейин түшкөндүгү байкалууда.

Show More
Back to top button