Маанилүү жаңылыктар

Балыкчылык тармагында эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук маселеси талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаменти БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму (ФАО) менен биргеликте Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн аквакультура жана балыкчылык тармагында эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук жөнүндөгү кодекстин долбоорун талкуулоо үчүн аймактык семинар өткөрдү. Иш-чара Борбордук Азия жана Кавказдагы Балык чарбасы жана аквакультура боюнча Аймактык комиссиянын (CAC Fish) ишинин алкагында уюштурулду.

Бишкек шаарында 25-февралда башталган эки күндүк семинарга:

  • Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түрк Республикасы жана Өзбекстандын аквакультура жана балыкчылык тармагындагы маанилүү министрликтердин жана ведомстволордун көзөмөлдүү кызматкерлери, ишкерлер жана эксперттер катышты.
  • Семинардын негизги максаты – аквакультура жана балыкчылык тармагында эмгекти коргоо шарттарын жакшыртуу жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган кодекстин долбоорун талкуулоо жана тактоо.
Show More
Back to top button