Маанилүү жаңылыктар

Жазгы айдап-себүү кампаниясы боюнча бир катар тапшырмалар берилди

Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары –Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгында жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктардын жүрүшү боюнча, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары – акимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен селектордук кеңешме өткөрүлдү (ВКС).

Аталган селектордук кеңешмеде жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктар боюнча, учурдагы көйгөлөр жана аны чечүү жолдору талкуланып, бир катар тапшырмалар берилди.

Ал тапшырмалар:

  • 2025-ж. жазгы айдап-себүү кампаниясын өз убагында, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча облустук жана райондук штабдарды түзүү.
  • Сугат суусун сарамжалдуу пайдалануу максатында жамгырлатып, тамчылатып сугарууну киргизүү, ошондой эле дыйкан-фермерлерди бириктирип, кооперативдерди түзүү менен пайдаланылбай жаткан айдоо аянттарынын азайтууда донорлорду жана инвесторлорду тартуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу.
  • Жазгы талаа жумуштарына керектелүүчү күйүүчү-майлоочу майлар, сапаттуу үрөн, жер семирткичтер, биологиялык жана химиялык дары-дармектер жана айыл чарба техникаларынын керектүү тетиктери менен камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик суу тармактары, гидротехникалык курулмаларды, насостук станцияларды, ички чарбалык каналдардын оңдоп-түзөө менен суугатка даярдоо боюнча чараларды көрүү.
  • Жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүлүшү КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке жоопту экендиги эскертилип белгиленди.
Show More
Back to top button