
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнуктүрүү министрлигине караштуу Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо департаменти ветеринардык дарыканаларда ветеринардык дары-дармектердин жасалма түрлөрү сатылып жаткандыгы жөнүндө маалымдайт.
Сертификаттоодон өткөн ветеринардык дары-дармек каражаттарынын тизмеси менен министрликтин расмий сайтынан таанышууга болот: https://agro.gov.kg/language/ru/certification-authority/ .

